Кыргызстанга биринчи жолу Сауд Арабиянын аскердик делегациясы келди

Кыргызстанга биринчи жолу Сауд Арабиянын аскердик делегациясы келди

Кыргызстан тараптын чакыруусу менен Сауд Арабиянын Башкы штабынын башчысы Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайлинин жетекчилиги алдында Бишкекке аскердик делегация келди. Бул тууралуу КРнын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.

Марипов Сауд Арабиянын аскердик жетекчилигинин Кыргызстанга келиши кыргыз-сауд алакаларынын тарыхында алгач ирет болуп жатканын белгиледи. Бүгүн Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайли Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен жолугушту.

“Белгилей кетсем, буга чейин Кыргызстандын коргоо министри Сауд Арабияга сапар менен барган. Анын жүрүшүндө Сауд Арабиянын делегациясы чакыруу алган. Бул сапар Кыргызстан менен Сауд Арабиянын аскердик тармактагы байланышын бекемдөө үчүн жаңы дем берет деп ишенем”, – дейт элчи.

Тараптар аскердик тармактагы эки тараптуу кызматташуу жана коргоо мекемелерининин өз ара кызматташуусунун келечегин талкуулашкан. Ошондой эле сапардын алкагында Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайли Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, министрлик жана мекемелердин жетекчилери менен жолугушуп, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтуна, Бишкектик гарнизондун аскердик бейтапканасына барат.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын