Кыргызстанда тигүү цехтери үчүн буюртмаларды алуу жана жумушчуларды жалдоого тиркеме иштелип чыкты

Кыргызстанда тигүү цехтери үчүн буюртмаларды алуу жана жумушчуларды жалдоого тиркеме иштелип чыкты

Кыргызстандагы тигүү ишканалары үчүн буюртмаларды чогултуу жана кызматкерлерди жумушка алууга TexPro деп аталган жаңы тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңешинин өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүндө айтылат.

TexPro – бул кийим индустриясында буйрутмаларды чогултуу жана кадрларды тандоо үчүн платформа катары иштеген мобилдик тиркеме. Тиркеме жеңил өнөр жайынын бардык катышуучуларын, кийим өнөр жайын, кездеме жана фурнитураларды жеткирүүчүлөрдү, дизайн студияларын, ошондой эле кардарлардын башын бириктирүү үчүн түзүлгөн.

TexPro төмөндөгүлөргө багытталган:

  • тигүү ишканаларынын арасында сатуунун деңгээлин жогорулатуу
  • рыноктун катышуучуларынын ортосундагы байланышты жакшыртуу
  • эл аралык кардарларды тартуу
  • тигүү тармагында жумуштуулукту жогорулатуу.

TexPro долбоору АКШ өкмөтү жана Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңеши тарабынан каржыланган Exchange бүтүрүүчүлөрүнүн чакан гранттары программасы тарабынан колдоого алынат жана каржыланат.

TexPro тиркемесинин бет ачары 20-январда онлайн форматта өтөт. Презентацияга катталып, шилтемени алуу үчүн 0555 969 000 номуруна толук аты-жөнүңүздү жөнөтүшүңүз керек.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын