65 миң ишкер ККМ колдонууда - бир жылда 3 эсеге өстү

65 миң ишкер ККМ колдонууда - бир жылда 3 эсеге өстү

2022-жылы контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны үч эсеге көбөйүп, бүгүнкү күндө 65 миң 422 субъектти түздү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

ККМди колдонгон субъекттердин мындай көбөйүшүнө салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди бекер таратуунун натыйжасы себеп болгон.

ККМди колдонуу системасын өнүктүрүүгө Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы да оң таасирин тийгизди. Акциянын жүрүшүндө жарандар товарларды сатып алууда, жумуштарды жана кызматтарды пайдаланууда кассалык чектерди активдүү талап кыла башташкан.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-мартында фискалдык модуль менен иштөө функциясы жок ККМди колдонуу мөөнөтү аяктайт.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү  ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат.


Ишкерлерге ККМдин жаңы моделдерине өтүүгө дагы эки ай берилди

Кыргызстанда патенттин 22 түрү кыскартылды — февраль айынан баштап 34 түрү калат

Эски үлгүдөгү ККМдерди колдонгондорго Жаңы жылдан баштап 23 миң сомдон айып салынат

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын