Баткен облусунда талкаланган үйлөр жыл аягына чейин калыбына келтирилет
Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунун натыйжасында талкаланган үйлөр ушул жылдын аягына чейин калыбына келтирилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулуш жана калыбына келтирүү иштери башталган. Андан тышкары, буга чейин президенттин, минкабдын, президенттик аппараттын чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн