Баткен облусуна 1.5 миң тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Баткен облусуна эртең мененки саат 8:00гө карата 1.5 миң тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мында министрлик тарабынан 264.9 тонна, жарандардын өз күчү менен 1036.6 тонна жеткирилген. Складда 199.2 тонна гуманитардык жардам бар.

Аталган башкармалык учурда Баткен облусунда 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөнүн эскертти. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?

Улуттук банк айыптарды салды

"Кыргызтест" сертификаты эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу берилиши мүмкүн