Жеке ишкерлер үчүн банктарда аралыктан тейленүү жеткиликтүү болот
Улуттук банк коммерциялык банктарга жеке ишкерлерди идентификациялоо жана верификациялоо үчүн аралыктан тейлөөгө уруксат берүүнү көздөп жатат. Бул токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлуп, регулятордун сайтында жарыяланды. Белгилей кетсек, 2020-жылдын 13-майында бекитилген «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби» банктарга видео жана башка байланыш каналдары аркылуу идентификациялоону жана текшерүүнү