Салык кызматы ишкерлерге ККМ таратып, аны кантип колдонууну да үйрөтөт

Салык кызматы ишкерлерге ККМ таратып, аны кантип колдонууну да үйрөтөт

Cалык кызматы контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын долбоорунун катышуучуларын жума сайын МСКнын имаратында шейшемби жана бейшемби күндөрү саат: 15.00дө өтүүчү техникалык семинарга катышууга чакырат.

Семинардын жүрүшүндө адистер катышуучуларга аппараттык ККМ таратып, системанын ишин көрсөтөт, ошондой эле пилоттук ККМди колдонуу тартиби жана иштеши тууралуу түшүндүрүшөт.

  • Өткөрүлүүчү иш-чаранын дареги: Бишкек ш., Чүй проспекти, 219.
  • Сурап-билүү жана каттоо телефондору: 0312 61-17-46, 0556 87-08-71.  

Эскерте кетсек, Салык кызматы ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизди. Долбоордун максаты — колдонулуучу ККМди модернизациялоо жана фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде чогултуу, оңдолбогон түрдө сактоо, иштеп чыгуу жана берүү технологияларын апробациялоо. 

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA