ЕБ кыргызстандык айымдарды программалоого окутат

ЕБ кыргызстандык айымдарды программалоого окутат

КРда кыргызстандык айымдарды маалыматтык технологиялар менен иштөөгө үйрөтүүгө багытталган «Программист Айымдар II» жаңы долбоору башталды. Өлкөнүн булуң-бурчунан 53 аял Европа Биримдигинин колдоосу менен программалоо боюнча билим алышат. Бул тууралуу Ебдин КРгы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор маалымат технологиялары, сабаттуулук, лидерликти өнүктүрүү жана аялдардын ишкердүүлүгү боюнча практикалык жөндөмдүүлүктү үйрөтүү аркылуу, кыздар менен аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Жети айлык Frontend жана Android тренинг курстары үчүн, оратордук чеберчилик, социалдык ишкердик, SMMдин негиздери, лидерликти өнүктүрүү, баарлашуу көндүмдөрү жана командада иштөө боюнча кошумча тренингдерге катышуу үчүн Кыргызстандын бардык региондорунан 16 жаштан 33 жашка чейинки 53 кыз-келиндер  тандалып алынган. Окууга кабыл алууда Кыргызстандын аймактарынан келгендерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге басым жасалганын аталган уюмдан билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA