400 тонна жүгөрү талаада чирип кетүү коркунучунда турат
Дыйкандар КРдан жүгөрү экспорттоого мурда киргизилген тыюуну алып салууну суранышууда. Болбосо жүздөгөн тонна түшүм жөн эле чирип кетет. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРгы жүгөрү өстүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Шаршен Сыдыков билдирди. «Жүгөрү – Кыргызстандын эң кирешелүү түшүмү. Быйыл 115-118 миң гектар жерге үрөн себилген. Болжолдуу түшүм