Өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөт

Өлкөдө сейил бактардын, кафе, ресторандардын көчөлөрдүн жана жарнактардын чырактары өчүрүлөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын маалымат кызматынан «Биринчи радиого» билдиришкен.

Ага ылайык, мындай чечим электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган. Мындай өчүрүүлөр Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана келе жаткан күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдөө максатында жүргүзүлөт.

Бүгүн, 29-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 294 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 266 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 188 куб метрге жетүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды