Эми электрондук патентти смартфон аркылуу тариздеп, төлөм жүргүзүүгө болот
Салык төлөөчүлөр эми салык органына барбастан, смартфондун жардамы менен аралыктан патент толтуруп, баасын эсептөө менен төлөй алышат. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы кабарлады. Мамлекеттик салык кызматы «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорунун алкагында электрондук патентти мобилдик тиркемелер аркылуу – бул этапта MegaPay мобилдик капчыгы аркылуу тариздөө жана ал үчүн төлөм