1-октябрдан тартып социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү 50%га көбөйөт

1-октябрдан тартып социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү 50%га көбөйөт

Президент Садыр Жапаров «Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык, ар айлык социалдык жөлөкпул алган балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык колдоону күчөтүү максатында, КРнын Министрлер Кабинетине тапшырылды.

2021-жылдын 1-октябрынан тартып ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү 50%га көбөйтүлөт:

  • ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин
  • атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 1500 сомго чейин
  • атасы менен энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин
  • бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин
  • бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 4950 сомго чейин
  • бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 4050 сомго чейин
  • атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин

Ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү 2022-жылдын 1-январынан тартып 100%га көбөйтүлөт:

  • ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин
  • атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 2000 сомго чейин
  • бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин
  • бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 6600 сомго чейин
  • бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 5400 сомго чейин;

2022-жылдын 1-январынан тартып 200%га көбөйөт:

  • атасынан же энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 6000 сомго чейин
  • атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 6000 сомго чейин;

Багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн атасынан же энесинен (атасы менен энесинен) айрылган учурда, эгерде аларда пенсиялык камсыздоого укугу болбосо, балдар үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнө теңештирүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Алдын ала эсептер боюнча ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүүгө республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынат:

  • ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 50%га көбөйткөн учурда, кошумча 452.8 млн сом талап кылынат;
  • ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 100%га көбөйткөн учурда, кошумча муктаждык 3 590.9 млн сомду түзөт. 

КРнын социалдык фонду тарабынан багуучусунан айрылган учур боюнча пенсияларды теңделет.

Буга байланыштуу, 2021-жылдын 1-октябрынан 138 млн сом өлчөмүндө жана 2022-жылдын 1-январынан – 970 млн сом республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттары талап кылынат

Чыгашалардын каржылоо булагы республикалык бюджеттен каржыланат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-кытай өткөрмө пункттары жаатында талкуу өттү

Кыргыз-кытай өткөрмө пункттары жаатында талкуу өттү

14-августта Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% өсүп, 27,3 миңге жетти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде билдирди. Ошондой эле чакан жана орто ишкердик жана жеке ишкердик чөйрөсүндө иш менен камсыз болгондордун саны 6,8% көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти. Адылбек Касымалиев кеңешмеде

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын январь-июль айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн жарыялады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын ала баалоого ылайык, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 1 трлн 172,7 млрд сомду түзүп, реалдуу

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 7-13-август аралыгында өлкө боюнча 36 536 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын билдирди. Анын ичинен 534 айдоочу унааны мас абалында башкарса, 1 003 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа айдаган. Ошондой эле 2 129 ылдамдыкты ашыруу, 288 унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу