Сентябрдан тарта Россиядан бензин бажы төлөмү менен келе баштайт – Күйүүчү май дагы 1.5 сомго кымбаттайт

Сентябрдан тарта Россиядан бензин бажы төлөмү менен келе баштайт – Күйүүчү май дагы 1.5 сомго кымбаттайт

Сентябрдан тарта Кыргызстандагы нефтетрейдерлер Россиядан бензинди бажы төлөмү менен ала баштайт, бул күйүүчү майдын литринин 1.3-1.7 сомго кымбатташына алып келет. Бул тууралуу Economist.kg сайтына КРгы Нефтетрейдерлер биримдигинин директору Заур Кипкеев билдирди.

Анын айтымында, учурда Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан бензин алууда тоннасына 19.3 доллар экспорттук бажы алымы колдонулат.

Нефтетрейдерлер биримдигинин башчысы белгилегендей, 5 жылдан бери Россия тараптан бажы төлөмдөрүн чыгарбоо көлөмү өзгөргөн эмес, бирок биздин өлкөдө энергия ресурстарына суроо-талап тынымсыз өсүүдө. Бул унаалардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу.

Экспорттук бажы алымынын кошулушуна  байланыштуу күйүүчү майдын литри 1.3-1.7 сомго кымбаттоосу мүмкүн.

Бул жагдай, «2016-жылдын 6-июнундагы мунай жана мунай продуктыларын жеткирүү тууралуу кызматташуу боюнча РФ менен КРнын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун» алкагындагы, 2021-жылга индикативдик баланс боюнча Кыргызстанга бөлүнгөн бензиндин көлөмү ушул жылдын август айында түгөнүп калышына байланыштуу болду деп түшүндүрөт нефтетрейдерлер.

«Буга байланыштуу мунайдын балансында (50 миң тонна) жана дизелдик отундун балансында (50 миң тонна) пайдаланылбаган ресурсту бензиндин пайдасына кайра бөлүштүрүү зарыл. Бул чара ата мекендик компанияларга экспорттук бажы алымынын ставкасын эске албастан дагы үч ай бензин алууга мүмкүндүк берет», – дейт КРнын Нефтетрейдерлер биримдигинин директору.

  • Эскерте кетсек, Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдө ички рынок каныкканга чейин ЕАЭБдин аймагынан тышкары КРдан мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун талкууга койгон. Евразия экономикалык биримдигинин мунай продуктыларынын жалпы рыноктору пайда болгонго чейин убактылуу тыюу салуу сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычында рейд жүргүзүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоочу шаймандарды аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп, белгисиз адамдар тарабынан коюлган жалпы узундугу 300 метр синтетикалык тор табылды. Тор суу сактагычтан алынып, жээкке чыгарылды жана тиешелүү чараларды

Милицияга пара берген жаран кармалды

Милицияга пара берген жаран кармалды

Кара-Суу районунда тергөөчүгө 40 миң сом акча каражатын пара катары берип жаткан жаран шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин                   345-беренесинин (Пара

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкекте газ өткөргүчүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу 17-19-август күндөрү айрым аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ Чоң Чүй каналы, Ала-Арча айылы, Лев Толстой, Болот Алыкулов, Киров, Фрунзе, Дэн Сяопин, Патрис Лумумба, Фучик жана Жамгырчинов көчөлөрү менен чектелген аймактарда

Тоңдогу балык өстүрүү борборунун курулушу аяктоо алдында

Тоңдогу балык өстүрүү борборунун курулушу аяктоо алдында

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин жетекчилиги Корея деңиз институтунун директору Жо Жоңхи жана институттун өкүлдөрү менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Аквакультура жана балык өстүрүү регионалдык борборунун курулушун аяктоо жана аны расмий ачууга даярдык