Бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын лимиттен ашык колдонууда

Бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын лимиттен ашык колдонууда

Бир сутка ичинде бөлүштүрүүчү компаниялар лимиттен ашык 1.447 млн ​​кВт.саат электр энергиясын сарпташты. Бул тууралуу Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору билдирди.

Бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан кечээ, 1-сентябрда электр энергиясынын күнүмдүк керектөөсү 21.920 млн кВт/с түзгөн.

Бөлүштүрүүчү компаниялардын күнүмдүк керектөөсү төмөндөгүдөй болгон:

 «Түндүкэлектро» ААК – 10.873 млн кВт/с

«Чыгышэлектро» ААК – 2.868 млн кВт/с

«Ошэлектро» ААК – 5.100 млн кВт/с

«Жалалабатэлектро» ААК  – 3.079 млн кВт/с

1.447 млн кВт/с лимиттен ашык колдонулган.

Эскерте кетсек, Энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков Economist.kg сайтына берген маегинде КРгы энергетикалык кризистин себептеринин бири да дал ушул бөлүштүрүүчү компаниялардын ашыкча керектөөсүнөн келип чыгууда деген пикирин айткан болчу.

КР электр энергияны Түркмөнстандан сатып алат

Тиешелүү келишимге Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол коюшкан.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун 27-28-июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарында эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашышкан.

Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан КРга 501.9 млн кВт/с электр энергиясын берет. Ал келишимдин алкагында, Түркмөнстан 9-августка чейин 19.2 млн кВт/с электр энергиясын экспорттогон.

  • «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2021-жылдын июль айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 971 млн 206 миң кВт/с түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 27,3 миңге жетти

Кыргызстанда чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% өсүп, 27,3 миңге жетти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде билдирди. Ошондой эле чакан жана орто ишкердик жана жеке ишкердик чөйрөсүндө иш менен камсыз болгондордун саны 6,8% көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти. Адылбек Касымалиев кеңешмеде

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Кыргызстандын экономикасы 7 айда 11,1% өстү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде 2026-жылдын январь-июль айларындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн жарыялады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын ала баалоого ылайык, 2026-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продуктунун көлөмү 1 трлн 172,7 млрд сомду түзүп, реалдуу

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өткөн аптада 36,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 7-13-август аралыгында өлкө боюнча 36 536 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын билдирди. Анын ичинен 534 айдоочу унааны мас абалында башкарса, 1 003 айдоочу тиешелүү документтери жок унаа айдаган. Ошондой эле 2 129 ылдамдыкты ашыруу, 288 унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылатуу

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычында рейд жүргүзүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоочу шаймандарды аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп, белгисиз адамдар тарабынан коюлган жалпы узундугу 300 метр синтетикалык тор табылды. Тор суу сактагычтан алынып, жээкке чыгарылды жана тиешелүү чараларды