Улуттук банк: Салык кызматына банктын кардарларынын жашыруун маалыматтарын берүү сунушун талкуулоого али эрте
Улуттук банк Economist.kg сайтына Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча комментарий берди. Аталган кодекске ылайык, Салык кызматы банктардын жашыруун сыры катары эсептелген маалыматтарды соттун чечими жок эле үч күндүн ичинде алуу укугуна ээ. Учурда УБ кардарлардын банктык жашыруун маалыматын соттун чечимисиз эле өткөрүп берүү сунушун талкуулоо азырынча эрте деп эсептейт.