JIA курулуш секторунун ишкерлерин масштабдуу бейформал жолугушууга чакырат

JIA курулуш секторунун ишкерлерин масштабдуу бейформал жолугушууга чакырат

ЖИА курулуш секторунун ишкерлерин 24-августта өтүүчү масштабдуу бейформал жолугушууга чакырат. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууга курулуш ишканалары, курулуш материалдарын жеткирүүчүлөр чакырылат жана B2B форматындагы жолугушуулар гольф ойноо, эки тараптуу бизнес жолугушуулар менен коштолот деп убада берүүдө.

Бул иш-чарага катталуу үчүн бул шилтеме аркылуу кирсеңиз болот. Байланыш телефону: 0701 448 822

Мындан тышкары окуңуз

3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

3,1 млн сомго бааланган унаалар мыйзамсыз каттоодон өткөрүлгөн

Мамлекеттик Бажы кызматы эки жүк ташуучу автоунааны мыйзамсыз каттоо фактысын аныктады. Мамлекетке келтирилген 3,1 млн сомдон ашык зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагында 2012-жылы чыгарылган “DAF” үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу автоунаанын баштапкы мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.

Баткендеги 28 айыл жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз болот

Баткендеги 28 айыл жакынкы жылдары ичүүчү суу менен камсыз болот

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Баткен облусунда ишке ашырылып жаткан ичүүчү суу долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында жакынкы жылдары 28 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк

Ошто Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү жабылат

Ошто Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү жабылат

Ошто У. Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, У. Рахманов көчөсүндө узундугу 1200 метрди түзгөн төрт тилкелүү жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 7-июлдан тартып У. Рахманов жана Беш-Капа көчөлөрү автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Ош шаардык мэриясы

Таласта документтери жок курулуш жүргүзгөн ишкер 200 миң сом айыпка жыгылды

Таласта документтери жок курулуш жүргүзгөн ишкер 200 миң сом айыпка жыгылды

Талас облусундагы "Маржан Апа" эс алуу борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн жеке ишкерге 200 миң сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы Айтматов районунун Кара-Сай айылындагы "Маржан Апа"