Кыргызстанда Кореянын «КОПИЯ» борбору ачылды

Кыргызстанда Кореянын «КОПИЯ» борбору ачылды

Кыргызстанда Кореянын «КОПИЯ» борбору ачылды. Бул үчүн Кыргыз Улуттук университетинин ботаникалык бак аянтчасынан эки гектар жер бөлүнүп берилди. Борбордун ачылыш аземине айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков, Кореянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Дже, улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, коомдук ишмерлер жана агрардык тармактын адистери катышканын Биринчи радиодон кабарлашты.

Ачылган борбордо Кореянын агрардык тармагындагы тажрыйбалуу окумуштуу адистер эмгектенишип, Кореянын агрардык чөйрөдөгү жогорку технологиялары менен түшүмдү көп бере турган өсүмдүктөрдүн түрүн өстүрүшөт. Ошондой эле бул борбордо орто жана чакан чарба жетекчилерине алдыңкы тажрыйбалар окутула тургандыгын Кореянын КРгы элчиси элчиси Ли Вон Дже белгиледи.

«Кыргызстан агрардык өлкө, республиканын калкынын 60%дан ашыгы айыл жергесинде жашап, алар дыйканчылык менен эмгектенишет. Демек, агрардык тармак өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот», – деди элчи.

Эскерте кетсек, жыл башында КРнын Айыл чарба министрлиги Корея Республикасынын Айылдык өнүгүү мамлекеттик департаментинин өкүлү менен меморандумга кол коюшкан.

Долбоордун негизги максаты – айыл-чарба адистигинин студенттерин, окумуштууларын, изилдөөчүлөрүн, фермерлерин акыркы корей агротехнологиялары менен окутуу жана тааныштыруу, жергиликтүү калктын айыл чарба бизнесине болгон кызыгуусун жогорулатуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта документтери жок курулуш жүргүзгөн ишкер 200 миң сом айыпка жыгылды

Таласта документтери жок курулуш жүргүзгөн ишкер 200 миң сом айыпка жыгылды

Талас облусундагы "Маржан Апа" эс алуу борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн жеке ишкерге 200 миң сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы Айтматов районунун Кара-Сай айылындагы "Маржан Апа"

Жаш дарыгерлердин айлыгы 35 миң сомду түзөт

Жаш дарыгерлердин айлыгы 35 миң сомду түзөт

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов "Биринчи радиого” берген маегинде Кыргызстан дагы деле медициналык кадрлардын жетишсиздигине туш болуп жатканын белгиледи. Ал дарыгерди даярдоо узак процесс экенин айтты. Ошондой эле айрым бүтүрүүчүлөр бул тармакта карьера жасашпайт, ал эми практикалык дарыгерлер көп учурда саламаттыкты сактоо системасынан кетишет. Министр белгилегендей, бул агылып кетүүнүн

“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип тариздесе болот

“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип тариздесе болот

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ай сайын төлөнүүчү “Бала ырысы” жөлөкпулун “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тапшыруунун жол жобосун жарыялады. Билдирүүгө караганда, арыз берүү үчүн интернетке туташкан смартфон, паспорт жана арыз ээсинин атына Элдик Банк же Айыл Банкта ачылган банктык эсеп талап кылынат. Эгерде эсеп жок болсо, аны ушул

Бажы кызматы 2,1 млн сомдук төлөмдү жашыруу аракетин аныктады

Бажы кызматы 2,1 млн сомдук төлөмдү жашыруу аракетин аныктады

Мамлекеттик бажы кызматы Түркмөнстандан Кыргызстанга ташылып келген текстиль өндүрүмдөрүнүн бажы наркын жасалма түрдө төмөндөтүү фактысын аныктады. Мекеменин маалыматына ылайык, "М.Т." ЖЧКсынын дарегине "Кант" бажылык тариздөө жайына салмагы 21,6 тоннадан ашкан өндүрүмдөр келген. Документтерди текшерүүдө реквизиттери бирдей, бирок товардын баасы ар башка көрсөтүлгөн эки эсеп-