KOICA Ысык-Көлдө өрт өчүрүү станциясынын жаңы имаратын курат

KOICA Ысык-Көлдө өрт өчүрүү станциясынын жаңы имаратын курат

KOICA (Korea International Cooperation Agency) Кыргызстандагы ПРООН жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте, Ысык-Көл облусунда өрттөн коргоо жана куткаруу кызматтарын күчөтүү үчүн өрт өчүрүү станциясынын жаңы имаратын курат. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Бул тууралуу август айынын башында Кореянын КРгы Элчиси Ли Вончже мырзанын Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынынын алкагында Чолпон-Атадагы өрт өчүрүү станциясы менен таанышкандан кийин белгилүү болгон.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу элчи Каракол шаарында жана анын айланасында KOICAнын «Органикалык айыл чарба жана КРнын фермерлеринин потенциалын жогорулатуу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууга колдоо көрсөтүү» долбоорунун алкагында иштеген жайларга барып, алардын ишемердиги менен таанышты.

Эскерте кетсек, жакында эле Кыргызстанда Кореянын «КОПИЯ» борбору ачылган. Аталган борбордо Кореянын агрардык тармагындагы тажрыйбалуу окумуштуу адистер эмгектенишип, Кореянын агрардык чөйрөдөгү жогорку технологиялары менен түшүмдү көп бере турган өсүмдүктөрдүн түрүн өстүрүшөт. Ошондой эле бул борбордо орто жана чакан чарба жетекчилерине алдыңкы тажрыйбалар окутула тургандыгын Кореянын КРгы элчиси элчиси Ли Вончже белгиледи.

 
 

Мындан тышкары окуңуз

Таласта документтери жок курулуш жүргүзгөн ишкер 200 миң сом айыпка жыгылды

Таласта документтери жок курулуш жүргүзгөн ишкер 200 миң сом айыпка жыгылды

Талас облусундагы "Маржан Апа" эс алуу борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн жеке ишкерге 200 миң сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы Айтматов районунун Кара-Сай айылындагы "Маржан Апа"

Жаш дарыгерлердин айлыгы 35 миң сомду түзөт

Жаш дарыгерлердин айлыгы 35 миң сомду түзөт

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов "Биринчи радиого” берген маегинде Кыргызстан дагы деле медициналык кадрлардын жетишсиздигине туш болуп жатканын белгиледи. Ал дарыгерди даярдоо узак процесс экенин айтты. Ошондой эле айрым бүтүрүүчүлөр бул тармакта карьера жасашпайт, ал эми практикалык дарыгерлер көп учурда саламаттыкты сактоо системасынан кетишет. Министр белгилегендей, бул агылып кетүүнүн

“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип тариздесе болот

“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу “Бала ырысы” жөлөк пулун кантип тариздесе болот

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ай сайын төлөнүүчү “Бала ырысы” жөлөкпулун “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу тапшыруунун жол жобосун жарыялады. Билдирүүгө караганда, арыз берүү үчүн интернетке туташкан смартфон, паспорт жана арыз ээсинин атына Элдик Банк же Айыл Банкта ачылган банктык эсеп талап кылынат. Эгерде эсеп жок болсо, аны ушул

Бажы кызматы 2,1 млн сомдук төлөмдү жашыруу аракетин аныктады

Бажы кызматы 2,1 млн сомдук төлөмдү жашыруу аракетин аныктады

Мамлекеттик бажы кызматы Түркмөнстандан Кыргызстанга ташылып келген текстиль өндүрүмдөрүнүн бажы наркын жасалма түрдө төмөндөтүү фактысын аныктады. Мекеменин маалыматына ылайык, "М.Т." ЖЧКсынын дарегине "Кант" бажылык тариздөө жайына салмагы 21,6 тоннадан ашкан өндүрүмдөр келген. Документтерди текшерүүдө реквизиттери бирдей, бирок товардын баасы ар башка көрсөтүлгөн эки эсеп-