Экономиканы формализациялоо. Кантип бизнести көмүскөдөн чыгарса болот?
Бүткүл дүйнөдөгүдөй Кыргызстанда да айрым ишкерлер формалдуу эмес экономикада, башкача айтканда, расмий каттоосуз иштөөнү жактырышат. Салыктарды төлөбөй коюу көйгөйүнөн тышкары, мамлекет мындай уюмдар болгон учурда иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек мамилесин жөнгө сала албайт, андыктан эмгек рыногунда өз жарандарынын укуктарын да коргой албайт. Эл аралык Эмгек Уюму (ЭЭУ) «Борбор