Кыргызстанда уюмдардагы эмделгендердин пайызын көрсөткөн онлайн карта чыгарылды

Кыргызстанда уюмдардагы эмделгендердин пайызын көрсөткөн онлайн карта чыгарылды

«Кыргызстан – Жашыл аймак» улуттук демилгесинин алкагында интерактивдүү онлайн карта ишке киргизилди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Карта уюмдун эмдөөдөн өткөн кызматкерлеринин санын көрсөтөт. Биринчи катталган уюм Бишкек Тез жардам борбору болгон, анда кызматкерлердин 70%дан ашыгы COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн.

Ошентип колдонуучулар кызматкерлери эмдөөдөн өткөн уюмдар (70%дан ашыгы) тууралуу, ошондой эле эмдөөдөн өткөндөр үчүн ишканалар тарабынан берилген бонустар жана лоялдуулук программалары жөнүндө маалыматка ээ болушаарын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

«Бул карта аркылуу биз калкка COVID-19га каршы кыймылга кимдер кошулганын, кайсы уюмдардын кызматкерлери социалдык жоопкерчиликти көрсөтүп, эмдөөдөн өтүп, оорунун андан ары жайылуу коркунучун азайтканын көрсөтөбүз. Санариптик интерактивдүү картадагы маалымат жарандарды эмдөөдөн өтүүгө үндөйт деп үмүттөнөбүз», – деди министрдин орун басары Бакыт Жангазиев.

Карта https://vc.emed.gov.kg/Home/Map шилтемесинде «Кыргызстан – жашыл аймак» интерактивдүү картасында жеткиликтүү.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-