50 млн долларлык «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги ишке ашыра алган жок – Минкабинет

50 млн долларлык «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги ишке ашыра алган жок – Минкабинет

«Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашыруу 2018-жылы башталгандыгына карабастан, Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан долбоордун 4 компонентинин бири дагы ишке ашырылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылана турган «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорунун максаты – бул КРнын секторлоруна жеке инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик кызматтарды санарипке өткөрүү потенциалын жогорулатуу менен бирге Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болчу.

«Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбооруна Дүйнөлүк Банк  50 млн долларлык инвестиция салууну көздөп жаткан. Анын 25 млн доллары гранттык каражаттар, 25 млн доллары жеңилдетилген насыя түрүндө берилмек.

Долбоордун эксперттери мурдараак Economist.kg сайтына билдиришкендей, КРнын бийлиги техникалык тапшырманын дизайнын бир нече жолу өзгөрткөн, бул болсо долбоордун аткарылышын дайыма кечеңдетип келген.

«Дүйнөлүк банк менен долбоордун дизайнын макулдашкандан кийин кайра каржылоо жөнүндө макулдашуунун ички жол-жоболорун (ратификация) жүзөгө ашыруу керек болот. «Каржылоо келишимин токтотуу, кайра каржылоо жөнүндө макулдашууну сүйлөшүү жана ратификациялоонун бардык процедурасы болжол менен эки жылга созулушу мүмкүн. «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоору өзү 2023-жылдын май айына чейин гана иштелип чыкканын эске алсак, гранттык негизде бөлүнгөн бул каражаттарды жоготуп алуу коркунучу бар.

Негизги дизайнды негизсиз эле өзгөртүү же Дүйнөлүк Банктын талаптарын бузуу аракеттери, ошондой эле долбоордун негизги субкомпоненттерин ишке ашыруудан баш тартуу же жасалма кечиктирүү – акыры долбоордун жабылышына алып келиши мүмкүн», – дешкен эле эксперттер.

Ал эми Министрлер кабинетинин маалыматына таянсак, тармактык ведомство тарабынан «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоору боюнча техникалык тапшырмалар иштелип чыккан эмес жана стратегиялык жактан маанилүү долбоор боюнча сынактар жарыяланган эмес.

Белгилей кетсек, долбоор төрт компоненттен турган: 

  1. Санарипке өтүүгө байланышкан аймактык инфраструктура (21 млн доллар)
  2. Аймактык маалымат борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер (18.1 млн доллар)
  3. Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү (8.4 млн доллар)
  4. Долбоорду башкаруу (2.5 млн доллар).

Дүйнөлүк банк КРнын жаңы министрлер кабинети менен даярдала турган жаңы долбоорго каражаттарды которуу менен Digital CASA долбоорун мөөнөтүнөн мурда жабуу жөнүндө ойлонуп жатканын аталган Эл аралык финансы институтунун басма сөз кызматы билдирген.

Ага ылайык, Дүйнөлүк банк КРнын санариптик өнүктүрүү боюнча мындан ары да колдоого даяр, бирок акыркы үч жылдын ичинде Digital CASA – KR долбоорун ишке ашырууда прогресстин жоктугун эске алып, бул долбоор жабылууга мүмкүн экендигин билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Дары-дармек импортундагы мыйзам бузуу: Бюджетке 1,3 млн сом өндүрүлдү

Мамлекеттик бажы кызматы дары-дармек импорттоодо КНС боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныктады. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1,3 млн сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын импорттоодо кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча жеңилдик мыйзамсыз колдонулганын аныкташты. Маалыматка ылайык, "Н.В.С.О." компаниясы салыктан бошотулган

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу ишкананын расмий баракчасына жарыядланды. Маалыматка ылайык, асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда. Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол боюндагы дарактар иретке келтирилди

Манас шаарында жол четиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү жана бутоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чараны Манас шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы аткарды. Дарактардын куураган жана ашыкча бутактары кыркылып, алардын жакшы өсүшүнө шарт түзүлдү. Мэрия белгилегендей, мындай иш-аракеттер шаардын көчөлөрүнүн көрктүүлүгүн арттырууга, жашыл

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкекте ижарадагы жер тилкелерин сатып алууга 50%га чейин жеңилдик берилет

Бишкек мэриясы көп батирлүү үйлөр курулган ижарадагы жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди киргизди. Чечим турак жай ээлеринин мүлктүк укуктарын каттоодогу көйгөйлөрдү жоюуга багытталган. Ага ылайык: * 2026-жылдын 31-декабрына чейин жер тилкесин сатып алуу баасы 50%га төмөндөтүлөт (коэффициент – 0,5); * 2027-жылы – 40%га (коэффициент – 0,6); * 2028-