ОКӨФ ишин жандандыргандан бери жалпы суммасы 6 млн долларлык төрт долбоорду каржылады

ОКӨФ ишин жандандыргандан бери жалпы суммасы 6 млн долларлык төрт долбоорду каржылады

Орус-кыргыз фонду (ОКӨФ) ишин жандандыргандан бери жалпы суммасы 6 млн долларлык төрт долбоорду каржылаганын уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Июль айында болжол менен 33 млн долларга бааланган төрт ири долбоор жактырылган. «Кызматкерлер, ОКӨФтүн төрагасы жана мүчөлөрү күн сайын ишкерлер менен жолугушуп, арыздарды кабыл алышат. Бир айдын ичинде эле фондго 76 млн долларга 16 арыз түштү, бул фонддун кароосундагы бардык долбоорлордун суммасынын 35%ын түзөт», – деп билдиришти уюмдан.

«Ар бир долбоор үчүн биз алардын өлкөгө социалдык-экономикалык таасири тууралуу толук маалымат беребиз. Ошондой эле өнөктөш банктар аркылуу активдүү иштер жүрүп жатат. Июлда чакан жана орто бизнес үчүн коммерциялык банктар аркылуу берилген кредиттердин көлөмү 4.4 млн долларды түздү (салыштыруу үчүн, июнда 1.2 млн доллар болгон). Көптөгөн иштер аткарылды, 1 -августка карата фондго 2.4 млн доллар киреше келди», – деди ОКӨФтүн төрагасы Артем Новиков.

Эскерте кетсек, кечээ эле, 5-августта ОКӨФ  «Прод Импекс» консервалоочу заводуна 70 млн сомго кепилдик берип,  тиешелүү келишимге «Кепилдик фонду» менен бирге кол койгон.

Фонддун кепилдиги астында алынган каражаттар кеминде 350 фермерден чийки зат сатып алууга жумшалат. Продукциянын жалпы көлөмү убада кылынгандай жылына кеминде 2.4 миң тоннаны түзөт.

Фонддун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, бул «Прод Импекс» менен кепилдиктерге биринчи кол коюу эмес. «Заводду 2017-жылы кайра каржылоо башталган, бул ири долбоор, ага фонддун өзү эле 3.9 млн доллар инвестиция салган, анын жалпы баасы 6.5 млн доллар турат», – деди ал.

«Биз үчүн долбоор кластердик мамилени өнүктүрүү жана өлкөнүн региондорун өнүктүрүү көз карашынан алганда маанилүү. Мындай долбоорлор бардык жарандарды жана бардык региондорду камтыйт, алар компания менен бирге иштөөгө, өнүгүүгө жана өсүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Фонд өз кезегинде ишкананы колдоону жана өнүктүрүүнү улантууга даяр», – деп кошумчалады Новиков.

  • «Прод Импекс» ААК – жашылча-жемиштерди консервалоочу ата мекендик өндүрүүчү ишкана. Ишканада өндүрүш процесси FSSC 22000, FDA азык-түлүк коопсуздугунун жогорку эл аралык стандарттарына ылайык тастыкталган. Өндүрүлгөн продукциялар ЕАЭБ рынокторунун талаптарына жооп берет.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 30 тонна чийки зат чыгарууга ылайыкташылган. Заводдо 100 адам туруктуу иштейт, жыл сайын июнь айынан октябрь айына чейин өндүрүш мезгилинде ошончо адам кошумча жумуш менен камсыздалат.

Белгилей кетсек, учурда ОКӨФтүн портфелине түз каржыланган 67 долбоор жана коммерциялык банктар менен микрофинансылык уюмдар аркылуу каржыланган 2973 долбоор кирет. Берилген кредиттердин жалпы суммасы – 384 млн долларды түзөт.

Портфелдин көбүн агроөнөр жай комплексинде, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө жана өндүрүүгө (өндүрүш жана металлургия өнөр жайларында) арналган долбоорлор түзөт.

Жалпысынан фонддун капиталы 535 млн долларды түзөт, бул КРнын бүт банк системасынын капиталы менен салыштырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты. Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Ошто Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин ачылды

Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш күнүндө Ош шаарындагы Санкт-Петербург көчөсү реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Россия Федерациясынын жана Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, “Орус үйүнүн” кызматкерлери, шаар тургундары жана коноктор катышты. Реконструкцияланган көчө 49-көчө менен кесилишип,

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда автокран оодарылып кеткен окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 7-май күнү Матыев көчөсү 21 жана 21/2 дарегинде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда болгон. Автокран өндүрүштүк

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо