ЕБ Баткендеги жабыр тарткан үй-бүлөлөргө 170 миң евро берет
Европа Биримдиги апрель айынын аягында Баткен аймагында болгон куралдуу жаңжалда жабыр тарткандарга гуманитардык жардам иретинде 170 миң евро бөлдү (17,5 млн сомго жакын). Бул тууралуу ЕБнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Лейлек районун кошкондо, Баткен облусунун эң көп жабыркаган аймактарында кеминде 6 миң адамга жардам көрсөтүлөт. ЕБ маалымдагандай,