акыркы жаңылыктар

УТРКга жаңы башкы директор дайындалды

УТРКга жаңы башкы директор дайындалды

КРнын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлук кызматынан бошотулду. УТРКнын маалыматына ылайык, анын ордуна Уланбек Сатиев башкы директор болуп дайындалды. Уланбек Сатиев бул дайындоого чейин УТРКнын башкы директорунун орун басары, ага чейин ондогон жылдар бою өлкө жетекчисинин расмий, жеке оператору болуп иштеп келген.

"Кемин" көмөк чордону кышкы сезонго даяр

Энергетика

"Кемин" көмөк чордону кышкы сезонго даяр

Чүй облусундагы  эң ири 4 көмөкчордондун бири 500/220/35 кВ “Кемин” көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга аяктаганын Чүй электр тармактары ишканасынын маалымат кызматы билдирди.  “Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан июнь айында 500/220/35 кВ «Кемин» көмөк чордонундагы 1-автотрансформатор оңдолсо, октябрь айында 2-автотрансформатор оңдоодон өткөрүлдү.  Мындан тышкары 220

«Альянс Алтын» тогуз айда рекорддук 10.5 млрд сом салык которду

Экономика

«Альянс Алтын» тогуз айда рекорддук 10.5 млрд сом салык которду

«Альянс Алтын» ишканасы 2025-жылдын тогуз айында Кыргызстандын бюджетине 10.5 млрд сомдон ашык салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которду – бул компаниянын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Бул каражат пенсияларды, социалдык жөлөкпулдарды каржылоого, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду курууга жумшалып жатканын компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Жерүй кенин иштетүү башталган 2015-жылдан бери компания бюджетке 34.8

Прензидент ЕАЭБдин баалуу кагаздарды айлантууну жөнөкөйлөтүү макулдашуусун ратификациялады

Прензидент ЕАЭБдин баалуу кагаздарды айлантууну жөнөкөйлөтүү макулдашуусун ратификациялады

Президент Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөгү уюшулган тооруктарда баалуу кагаздарды трансчекаралык жүгүртүү жана жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо мыйзамына кол койду.  Эске салсак, макулдашууга 2025-жылы 31-январда Алматыда кол коюлуп, сентябрда Жогорку Кеңеш аны ратификациялоо мыйзамын кабыл алган.  Аталган макулдашуунун негизги тапшырмалары: ·      ЕАЭб алкагында эмитенттер менен инвесторлор үчүн бирдей шарт түзүп

Камчыбек Ташиев: "Долпран кенин иштетүү текшерилет"

Экономика

Камчыбек Ташиев: "Долпран кенин иштетүү текшерилет"

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Кемин айыл аймагындагы Долпран алтын кенине берилген лицензия жана кенди иштетүү маселеси текшерилерин Кемин районунун Кайыңды айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Кен байлыктарды бардык эле жерде иштетип жатабыз. Бирок аны экологияга, элге зыяны тийбей тургандай, эл пайда көргөндөй иштетсе болот. Мыйзамдын баарына туура келсе, экологияга,

Майлуу-Суудагы 20 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Коом

Майлуу-Суудагы 20 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Майлуу-Суудагы бала бакча мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы текшерүү жүргүзгөндө, Көк-Ой айылындагы бала бакча 0,47 га жер тилкеси менен мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, базар баасы 20 215 162 сомду түзгөн бул

Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө конвенциясын ратификациялады

Коом

Кыргызстан Эл аралык эмгек уюмунун Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө конвенциясын ратификациялады

Президент Садыр Жапаров “Эл аралык эмгек уюмунун 1997-жылдын 3-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жогоруда аталган Конвенция ишке орноштуруу жаатындагы эл аралык укуктун негиз салуучу документтеринин бири болуп

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизилди

Бийлик

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.  Мыйзам I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин жана камкорчуларын мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу

Мыйзам бузган акча алмаштыруу бюролоруна айып салынды

Банктар

Мыйзам бузган акча алмаштыруу бюролоруна айып салынды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы алты алмашуу бюросу жоопко тартылды. КРнын Улуттук банктын маалыматына караганда. ар бири алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 2025-жылдын 17-октябрына карата, республика боюнча Улуттук банктын лицензиясын алган 819 акча алмыштыруу бюросу ишмердүүлүк

Суу үнөмдөө максатында Ак-Талаада каналдар модернизацияланууда

Коом

Суу үнөмдөө максатында Ак-Талаада каналдар модернизацияланууда

Ак-Талаа районунда ирригациялык каналдар инновациялык ыкма менен калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Ак-Талаа районундагы "Чон-Бактыгул" чарба аралык чоң каналынан бөлүнгөн Р-2 каналынын узундугу 4,1 км. Анын 2,7 км аралыгына суу үнөмдөө максатында бетон төшөлмө (бетонополотно) орнотулууда. Бул иштер райондук суу

Дүйнөдө кеңири таркаган 17 критикалык минералдын 10у Кыргызстанда бар

Экономика

Дүйнөдө кеңири таркаган 17 критикалык минералдын 10у Кыргызстанда бар

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстандагы келечектүү сейрек кездешүүчү минералдар кендерин “Кен казуу тармагы боюнча диалог: инвестиция, ачыктык, өнүгүү” форумунда санады.  Кыргыз геологиялык кызматынын директорунун орун басары Руслан Калилов критикалык минералдар чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берди.  Анын айтымында, келечектүү тоо кендерине Кутессай II, Калесай, Кызыл-Омпол, Түндүк Акташ

Аламүдүндө 192 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Коом

Аламүдүндө 192 млн сомдук жаңы мектеп курулду

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Бер-Булак айылында наркы 192 миллион сомду түзгөн О.Турусматов атындагы эки кабаттуу мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып ишке ашты. Жаңы мектеп 275 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген, окуу корпусу спорт залы менен курулуп, окуучулар жана