Дүйнөдө кеңири таркаган 17 критикалык минералдын 10у Кыргызстанда бар

Дүйнөдө кеңири таркаган 17 критикалык минералдын 10у Кыргызстанда бар

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстандагы келечектүү сейрек кездешүүчү минералдар кендерин “Кен казуу тармагы боюнча диалог: инвестиция, ачыктык, өнүгүү” форумунда санады. 

Кыргыз геологиялык кызматынын директорунун орун басары Руслан Калилов критикалык минералдар чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берди. 

Анын айтымында, келечектүү тоо кендерине Кутессай II, Калесай, Кызыл-Омпол, Түндүк Акташ жана алюминий чыга турган Зардалек, Катранбашы кендери кирет. 

Эске салсак, 2024-жылы Эл аралык ишкерлик кеңеши Англиянын Boston Consulting Group консалтинг компаниясы Кыргызстандын Критикалык минералдар стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууну баштаганын билдирген. Дүйнөлүк экономика үчүн критикалык минералдар тармагы өтө маанилүү ролду ойнойт.

Ошол себептен Еврокомиссия буга чейин 17си кеңири таркаган критикалык минералдардын 34 түрүн өзүнчө бөлгөн. Жаратылыш ресурстары  экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына таянсак, ошол 17 минералдардын 10 Кыргызстанда бар. Анын ичинен сурьма менен сымап өлкөдө абдан көп. 

Мындан тышкары окуңуз

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт. Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрге жүктөлгөн эмгектик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Чечим “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун