акыркы жаңылыктар

Мырзаке – Кара-Шоро жолунда көчкү тазаланып, жолду бийиктетүү иштери башталды

Транспорт

Мырзаке – Кара-Шоро жолунда көчкү тазаланып, жолду бийиктетүү иштери башталды

7-8-апрелдеги жаан-чачындан улам Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 47-чакырымында (Жаман-Тал тилкеси) тоо тектери кулап, көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, №5 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү. Учурда аталган тилкеде жолду сел

BAKAI жана UFC: банк кардарлар үчүн беттештерге жеткиликтүүлүк жана өзгөчө артыкчылыктарды сунуштаган эксклюзивдүү Visa UFC картасын ишке киргизүүдө

Банктар

BAKAI жана UFC: банк кардарлар үчүн беттештерге жеткиликтүүлүк жана өзгөчө артыкчылыктарды сунуштаган эксклюзивдүү Visa UFC картасын ишке киргизүүдө

BAKAI UFC Eurasia (Ultimate Fighting Championship) - аралаш мушташ өнөрү боюнча дүйнөдөгү эң ири эл аралык уюмдун эксклюзивдүү өнөктөшү болуп саналат. Бул кызматташуунун алкагында банк жаңы продукт - Visa UFC картасын ишке киргизүүдө. Ал кардарлар үчүн өзгөчө сунуштарды, артыкчылыктарды жана профессионалдык спорт дүйнөсүнө жол ачат. Visa UFC картасы жаркын эмоцияларды, динамиканы жана

Кытайдын эки университети кыргызстандыктарды акысыз окутууга кабыл ала баштады

Кызыктуу

Кытайдын эки университети кыргызстандыктарды акысыз окутууга кабыл ала баштады

Кытайдын Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарындагы эки университет 2026–2027-окуу жылы үчүн Кыргызстандын жарандарына 20 стипендия бөлүп берди. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык 10 орун Цзинань университети тарабынан, 10 орун Шаньдун архитектуралык университети тарабынан берилет. Документтерди кабыл алуу мөөнөттөрү Цзинань университетине — 10-июнга чейин, Шаньдун архитектуралык

"Аю" холдингинин негиздөөчүсү УКМКдагы "10 млн долларлык чай" тууралуу айтып берди

Бизнес

"Аю" холдингинин негиздөөчүсү УКМКдагы "10 млн долларлык чай" тууралуу айтып берди

"Аю" холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов УКМКда болгон болжолдуу сүйлөшүүлөр тууралуу билдирди. Анын айтымында, компания тарабынан төлөнө турган сумма 20 млн доллардан 30 млн долларга чейин көбөйтүлгөн. Анын баяны ачык булактарда тарады. Ишкердин айтымында, 2023-жылдын июль айында "Аю" ЖЧКсынын башкы директору Исаев ИИМде суракта болгон. Ошол

Эдил Байсалов кызматтан кетерин билдирди

Коом

Эдил Байсалов кызматтан кетерин билдирди

Министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов вице-премьерлик кызматынан кетип жатканын Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган симпозиумда сүйлөп жатып билдирди. Байсалов акыркы 4,5 жылда вице-премьерлик кызматты ээлегенин жана бул кызматта турган акыркы күнү Салижан Жигитовду эскерүү кечесине катышып жатканына кубанычта экенин белгиледи. Бул маалыматты өкмөттөгү булактар ырастады. Буга

Ысык-Көлдүн Саруу айылында 226 млн сомго мектеп курулуп жатат

Коом

Ысык-Көлдүн Саруу айылында 226 млн сомго мектеп курулуп жатат

Курулуш министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Ж. Чабалдаев атындагы 500 орундуу мектеп курулууда. Учурда объекттин курулушу аяктоо этабында. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоордун жалпы наркы 226,3 млн сомду түзөт. Жаңы мектептин аянты

Измирде Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

Экономика

Измирде Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүгү тааныштырылды

Түркиянын Измир шаарында Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга арналган иш-чара өткөнүн Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунан билдиришти. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштары, экспорт мүмкүнчүлүктөрү, кызматташуу багыттары жана инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Катышуучулар тарабынан презентациялар көрсөтүлүп, конкреттүү долбоорлор жана кызматташтык багыттары боюнча баяндамалар жасалды. Кыргызстандын Стамбул ша

Тогуз-Тородо 6 миң даана алма көчөтү акысыз таратылды

Коом

Тогуз-Тородо 6 миң даана алма көчөтү акысыз таратылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Тогуз-Торо райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Атай айыл аймагынын Бирдик айылына 6 миң даана алма көчөтү бекер таратылып берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Бул иш-чара Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 20-февралындагы №20 "Бир айыл – бир продукт&

ШКУ-2026 марафонун уюштурууга 2 млн сом бөлүнөт

Коом

ШКУ-2026 марафонун уюштурууга 2 млн сом бөлүнөт

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги ШКУ-2026 эл аралык марафонун уюштуруу кызматтарын сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 2 млн 150 миң сом бөлүү пландалууда. Анын ичинде: * 1 млн 250 миң сом Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында өтө турган марафондун ачылыш

Кытай Антарктиданын музун 3 миң 413 метр тереңдикке чейин бургулады

Кызыктуу

Кытай Антарктиданын музун 3 миң 413 метр тереңдикке чейин бургулады

Кытайдын 42-Антарктикалык экспедициясы жаңы дүйнөлүк рекорд жасап, муз катмарын 3 413 метр тереңдикке чейин бургулоого жетишкенин Kazinform кабарлады Илимий иштер Елизавета ханбийкенин жериндеги Цилинь аттуу муз алдындагы көлдүн аймагында, Кытайдын “Тайшань” станциясынан 120 чакырым алыстыкта жүргүзүлгөн. Буга чейинки эл аралык рекорд 2 540 метр болгон. Экспедициянын алкагында Кытай биринчи

Баткенде чек арадан көчүрүлгөн тургундар үчүн жаңы конуштар курулууда

Коом

Баткенде чек арадан көчүрүлгөн тургундар үчүн жаңы конуштар курулууда

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы Раззаков жана Максат айылдарына көчүрүлгөн тургундар менен жолукту. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, чек ара аймактарынан көчүрүлгөн жарандарды турак жай менен камсыздоо максатында Раззаков айылында 60, ал эми Максат айылында 16 үй курулуп, пайдаланууга берилген. Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы жаңы конуштардагы

Бишкек менен Санкт-Петербург кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Коом

Бишкек менен Санкт-Петербург кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушту. Делегацияны тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра жетектеди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Жолугушууда тараптар Бишкек менен Санкт-Петербургдун ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин тарыхый маанисин белгилеп, кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин