Кытай Антарктиданын музун 3 миң 413 метр тереңдикке чейин бургулады

Кытай Антарктиданын музун 3 миң 413 метр тереңдикке чейин бургулады

Кытайдын 42-Антарктикалык экспедициясы жаңы дүйнөлүк рекорд жасап, муз катмарын 3 413 метр тереңдикке чейин бургулоого жетишкенин Kazinform кабарлады

Илимий иштер Елизавета ханбийкенин жериндеги Цилинь аттуу муз алдындагы көлдүн аймагында, Кытайдын “Тайшань” станциясынан 120 чакырым алыстыкта жүргүзүлгөн. Буга чейинки эл аралык рекорд 2 540 метр болгон.
Экспедициянын алкагында Кытай биринчи жолу ысык суу менен бургулоо технологиясын колдонду. Бул ыкма муздун ичинен стерилдүү канал түзүүгө мүмкүндүк берип, байыркы климаттын өзгөрүүлөрүн изилдөөгө жана экосистемага зыян келтирбестен өзгөчө жашоо формаларын табууга шарт түзөт.

Кытайдын бул жетишкендиги Антарктиданын муз катмарынын 90% аймагында жана Арктикада жогорку технологиялуу изилдөөлөрдү жүргүзө аларын көрсөттү. Бул анын полярдык изилдөөлөрдөгү лидерлик позициясын бекемдөөгө багытталган маанилүү кадамы болуп саналат.

Буга чейин Кытай терең деңиз изилдөөлөрү үчүн калкып жүрүүчү “арал” куруп жатканы да маалымдалган.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында жылуулук мезгилине даярдык жүрүүдө

Ош шаарында кышка даярдык өз убагында жүрүүдө. Учурда кампаларга 30 миң тоннага жакын көмүр түшүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тургундар көмүрдү 35 муниципалдык сатуу жайынан ала алат. Баасы маркасына жараша 4 сомдон 9 сомго чейин. Көмүр Ноокат, Кара-Суу, Алай райондорунан жана Нарын облусунан ташылууда.

Ишкер Media
Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Ботаникалык бакчанын жетекчилигине 17 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы Э.Н. Гареева атындагы ботаникалык бакчада экологиялык талаптардын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын текшерүүсүндө тиричилик жана курулуш калдыктары атайын эмес жерге төгүлүп, санитардык абалга зыян келтиргени белгилүү болду. Мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, администрацияга 17 000

Ишкер Media
Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда

Өлкөдө кант боюнча убактылуу импорттук чектөө киргизүү сунушталууда. 2026-2027-жылга кант өндүрүүнүн планы - 79 миң тонна. Бул тууралуу Кумшекер класстеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө дагы 25 миң тоннага жакын запас бар. Ошентип, өндүрүш менен запасты кошкондо, жалпы көлөм 104 миң тонна болуп, бул 2027-жылдын

Ишкер Media
КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

КМШга мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалы болду

Президент Садыр Жапаров кече Авазада өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин улуттук тамак-аштарынын фестивалына барды. Мамлекет башчысы Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларус Республикасынын президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри менен биргеликте Шериктештикке мүчө мамлекеттердин элдеринин улуттук ашканасы, салттары жана маданий мурастары менен таанышып чыгышты. Лидерлерге Кыргызстан,

Ишкер Media