Бишкек менен Санкт-Петербург кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Бишкек менен Санкт-Петербург кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушту. Делегацияны тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра жетектеди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар Бишкек менен Санкт-Петербургдун ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин тарыхый маанисин белгилеп, кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Негизги көңүл эки шаар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жандандырууга бурулуп, кызматташуунун негизги багыттары боюнча иш-чаралар планы — "Жол картасын" жаңылоо жана ишке ашыруу маселелери каралды.

Евгений Кассюра Бишкек мэриясына "Наристе" эл аралык балдар фольклордук фестивалына чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөнүн жана маданий байланыштарды чыңдоодогу ролун белгиледи.

Өз кезегинде Кубанычбек Иманалиев муниципалитет кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин айтты. Анын алкагында шаардык башкаруу, көрктөндүрүү, турак жай-коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашуу жана имараттардын фасаддарын жаңылоо боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү пландалууда.

Ошондой эле тараптар туризм тармагындагы кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап шаарларды өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу багытындагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин белгилешти.

Маалымат үчүн: Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларынын ортосунда өнөктөштүк 2015-жылдын 24-ноябрында түзүлгөн. Ал эми 2022-жылдын 4-ноябрында тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташууну өнүктүрүү боюнча "Жол картасына" кол коюшкан.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу