акыркы жаңылыктар

Манас шаарында жаңы көмөк чордон курулат

Энергетика

Манас шаарында жаңы көмөк чордон курулат

2026-жылы Манас шаарынын электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыздоо максатында 110/10 кВ "Бакай" көмөк чордону курулат.  Жаңы объект калкты, социалдык объектилерди жана курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайларды туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөрүн Энергетика министрлиги билдирди. Ошондой эле эскирген 3 энергетикалык объект жаңыланат: * Кара-Көл РЭТинин имараты;

Кыргызстанда жаштардын өнүгүүсүнө багытталган каржылоо 50 млн сомго жетти

Экономика

Кыргызстанда жаштардын өнүгүүсүнө багытталган каржылоо 50 млн сомго жетти

Кыргызстанда жаштардын өнүгүүсүнө багытталган каржылоо көбөйгөнүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга чейин бул багыттагы бюджет 4 млн сомду түзсө, учурда ал 50 млн

Калкты газдаштыруу үчүн Кыргызстанда 3% жеңилдетилген кредит берилип жатат

Экономика

Калкты газдаштыруу үчүн Кыргызстанда 3% жеңилдетилген кредит берилип жатат

Бүгүн, 2-февралда КРнын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитети "ыш менен байланышкан экологиялык абалды" кароого алды. Анын жүрүшүндө, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Медер Машиев баяндама жасап, 25 министрлик/ведомстволордон турган кеңейтилген комиссия атайын иш жүргүзүп, анын натыйжасында 2

Асмандаган алтын саналуу күндөрдө 7,8%га арзандады

Экономика

Асмандаган алтын саналуу күндөрдө 7,8%га арзандады

Өткөн аптанын аягында баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногунда олуттуу төмөндөө болду. Бар болгону 36 сааттын ичинде сектордун жалпы капитализациясы 7 триллион доллардан ашыкка кыскарды. Адатта коргоочу актив катары эсептелген алтындын баасы 13,6%га төмөндөдү. Бир унциянын наркы 4,9 миң доллардан ылдый түшүп, натыйжада алтындын жалпы капитализациясы 5 триллион долларга

Кыргызстанда көчөттөр импорту 2025-жылы 2 эсеге кыскарган

Коом

Кыргызстанда көчөттөр импорту 2025-жылы 2 эсеге кыскарган

2024-жылы өлкөгө 13,3 миллиондон ашык көчөт импорттолсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 6,86 миллионду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу кыйла азайган. Көчөттөрдүн экспорту да кыскарганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, министрликтин Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти республика аймагына ташылып келинген көчөттөргө

Кыргызстандыктар "алтындан чыгууга" шашылыш аракет кылып жатышат

Экономика

Кыргызстандыктар "алтындан чыгууга" шашылыш аракет кылып жатышат

Кыргызстан глобалдык "алтын бороонуна" аралашып калды. Баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногунда баанын кескин түшүүсүнөн кийин өлкө тургундары үчүн "Кыргызалтын" фирмалык дүкөнүнө массалык түрдө агылып, колдорундагы өлчөмдүү алтын куймаларын сата башташты. Дем алыш күндөрү кезек 100дөн ашык адамга чейин жетти — мындай көрүнүш калкка алтын куймаларын сатуу программасы ишке

Коргоо министрлиги альтернативдик кызмат төлөмүн 1,5 эсеге көбөйтүүнү сунуштады

Коом

Коргоо министрлиги альтернативдик кызмат төлөмүн 1,5 эсеге көбөйтүүнү сунуштады

Коргоо министрлиги альтернативдик кызмат үчүн төлөнүүчү жыйымдардын өлчөмүн 1,5 эсеге көбөйтүүнү сунуштап жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди. Анын айтымында, мындай кадамга барууга болбойт. "Бул жакыр жарандар үчүн абдан оор болот. Адатта, кандай гана баа жогорулабасын, ал биринчи кезекте алардын капчыгына сокку урат", — деди

Улуттук банк тийиштүү талаптарды бузгандыгы үчүн 2 алмаштыруу бюросунун лицензиясын токтотту

Банктар

Улуттук банк тийиштүү талаптарды бузгандыгы үчүн 2 алмаштыруу бюросунун лицензиясын токтотту

КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2 алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракетин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.  Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы «Обменсити» ЖЧК алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети 2026-жылдын 31-январынан тартып 9-февралына чейин токтотулду. Мындан сырткары «Ават Финанс» ЖЧК алмашуу

ЕЭК Кеңеши Кыргызстанга кант чийки затын импорттоого тарифтик жеңилдик берди

Экономика

ЕЭК Кеңеши Кыргызстанга кант чийки затын импорттоого тарифтик жеңилдик берди

Кант өндүрүү үчүн чийки зат импорттоого тарифтик жеңилдик Кыргызстанга берилгенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, чечим Москва шаарында өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин жыйынында кабыл алынган. ЕЭК Кеңеши Кыргызстанга кант өндүрүү үчүн керектелүүчү чийки затты импорттоого тарифтик жеңилдик берди. 2026-жылдын 31-декабрына чейин

Бишкек шаарында опузалап, акча талап кылууга шектүү жаран кармалды

Коом

Бишкек шаарында опузалап, акча талап кылууга шектүү жаран кармалды

2026-жылдын 19-январында Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБна Б.Д. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар ар кандай жолдор менен коркутуп, анын сүйлөшкөн кызынын болжолдуу карызы бар деген шылтоо менен орус рубли өлчөмүндө 150 миң сом акча талап кылып жаткандыгын билдирген. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынын маалыматына

Импорттун экспорт үстүнөн үстөмдүк кылышы сом курсун кысып жатат – экономист

Экономика

Импорттун экспорт үстүнөн үстөмдүк кылышы сом курсун кысып жатат – экономист

Кыргызстандагы соода балансынын өнөкөт терс абалы улуттук валютанын курсуна системалуу басым жасап жатканын экономист Улукман Маматов радиодо түз эфирде билдирди. Анын айтымында, маселенин негизги себеби Улуттук банктын чараларында эмес, өкмөт жүргүзүп жаткан экономикалык саясатта жатат. "Биз экспортко караганда импортту кыйла көп кылабыз: кымбат баадагы товарларды сырттан ташып келип, негизинен

2025-жылы коомдук транспортто жол кире төлөбөгөн 300 ашуун жаран аныкталган

Коом

2025-жылы коомдук транспортто жол кире төлөбөгөн 300 ашуун жаран аныкталган

2025-жылы төлөм жүргүзбөй коомдук транспортто жүгөн 369 жаран аныкталган. Алардын ар бирине 1000 сом өлчөмүндө Транспорт Департаменти тарабынан айып пул салынып, протоколдор түзүлгөн. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, салынган айып пулдардын жалпы суммасы 369 миң сомду түзгөн. Текшерүүнү Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти «Тулпар» ишканасы менен биргеликте