Транспорт
Кара-Балта – Чалдовар жолун реконструкциялоо долбоору талкууланды
Кечээ Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары Бактылуу Момбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын регионалдык директору Айтен Рустамова менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана жол инфраструктурасынын коопсуздугун жакшыртуу маселелери каралды. Айрыкча Кара-Балта – Чалдовар автожолун реконструкциялоо долбооруна көңүл