Экономика
Кыргызстанда 2025-жылы жумушсуздардын саны 25%га кыскарды
Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жумушсуз жарандардын саны 22%га кыскарганын Эмгек министрлигинин коллегиясында министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдирди. Анын айтымында, расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түздү. Бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу төмөн. Тактап айтканда, 2021-жылы — 2,9%, 2022-жылы — 2,8%, 2023-жылы — 2,9%, 2024-жылы — 1,8% болгон.