Кыргызстанда свайлуу фундамент менен биринчи мектеп курулат

Кыргызстанда свайлуу фундамент менен биринчи мектеп курулат

Кыргызстанда алгачкы жолу өзгөчө технологияны колдонуу менен мектеп курулуп жатканын Курулуш министрлиги билдирди.

Министрлик Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпус куруп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда. Башкы планга ылайык, имарат үч кабаттуу болуп, заманбап талаптарга жооп берет.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө болжол менен 40 сантиметр тереңдикте жер астындагы суулардын көп келип чыгышы аныкталып, бул курулуш шарттарын кыйла татаалдаштырган. Ушундан улам министрлик свайлуу (жерге бекем орнотулган темир-бетон мамы) фундаментти колдонуу чечимин кабыл алган.

"Биринчи этапта скважиналар бургуланат, андан кийин 9 метрге чейинки тереңдикте жердин тыгыз катмарларына арматура каркасы орнотулуп, бетон куюлат. Мындай негиз свайлуу фундамент деп аталат", — деп түшүндүрүштү министрликтен.

Белгиленгендей, бул технология нымдуу жана туруктуу эмес топурактын ордуна жасалма түрдө бекемделген негиз түзүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада имараттын бекемдиги жана ишенимдүүлүгү кыйла жогорулайт.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат–Папан жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү

Ноокат–Папан жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү

Мамлекеттик маанидеги Ноокат–Папан унаа жолунун 5 чакырым бөлүгүндө асфальт-бетон төшөө иштери аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, иштер 2026-жылга бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп, жолду жаңылоо иштерин №37 Жол эксплуатациялоо ишканасы аткарды. Жаңыланган жол тилкеси айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт. Министрлик

Бишкекте №54 мектептин жанындагы сейил бак жаңыланууда

Бишкекте №54 мектептин жанындагы сейил бак жаңыланууда

Бишкек шаарындагы №54 орто мектебинин жанында жайгашкан сейил бакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 1,3 гектарды түзгөн аймак жаңыланып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу эс алуу жайы түзүлөт. Долбоордо эс алуу зоналары, балдар жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, жөө жана велосипед жолдору,

Баткенде 10 млн сомдон ашык каражатка медициналык имарат курулду

Баткенде 10 млн сомдон ашык каражатка медициналык имарат курулду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты курулуп бүттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, объект Баткенди өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык жана жергиликтүү казынадан каржыланды. Жалпысынан курулушка 10 млн сомдон ашык каражат жумшалган. Жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, жылытуу, таза суу жана

Акыркы окуялардан кийин бардык авиакомпаниялардын учактары текшерилет

Акыркы окуялардан кийин бардык авиакомпаниялардын учактары текшерилет

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги “Манас” эл аралык аэропортунда TezJet авиакомпаниясынын учагы менен болгон окуядан кийин кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Агенттиктин маалыматына ылайык, TezJet каттамдарын убактылуу токтотуу боюнча чечим бардык текшерүүлөр аяктап, окуянын себептери такталганга чейин күчүндө болот. Ошондой эле учуу коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргызстандын башка авиакомпаниялары да кошумча текшерилет. Анда учактардын