Экономика
Кадамжайдан келген делегат районду өнүктүрүү боюнча жакшы сунуштарды айтты
Баткен облусунун Кадамжай районунан келген делегат Жаркынали Абдирамитов IV Элдик курултайда райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар демилгелерди тизмектеп берди Тактап айтканда, ал ирригация тармагында активдүү иштер жүрүп жатканын белгилеп, төмөнкү сунуштарды берди: * Майдан жана Абсамат Масалиев айыл аймактарындагы 4 миң гектар айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылуу