Зыяратчылардан имамдардын маянасы үчүн 9% комиссия алынышы мүмкүн

Зыяратчылардан имамдардын маянасы үчүн 9% комиссия алынышы мүмкүн

Зыяратчылардан комиссия алына турганын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирип, ал боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын декабрында өткөн Элдик курултай жыйынында катышуучулар президентке имамдардын айлыгын жогорулатуу маселесин кароону сунушташкан. Бирок Кыргызсстан Конституцияга ылайык светтик мамлекет болгондуктан, бул маселе КМДБга багытталган. Мамлекеттик бюджетте диний тармактагы маселелерди каржылоого каражат каралган эмес.

Муфтият алгач тышкы каржылоо булактарын издегенин, бирок акырында ички мүмкүнчүлүктөрдү табуу чечимине келгенин билдирди. Алардын айтымында, аймактарда, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары, көпчүлүк имамдар улгайган адамдар. Алар өмүр бою элге кызмат кылып, айлык алышкан эмес. Жакынкы 10–15 жылда бул имамдар кызматын уланта албай калуу коркунучу бар.

КМДБ аймактагы мечиттерге билимдүү жана энергиялуу жаш имамдар керек экенин белгилейт. Бирок айлык аз болгондуктан, жаш кадрлар аймактарга барууга кызыкдар эмес. Акыркы эки айдан бери кадрдык резервге ачык сынак жарыяланганы менен, аз гана талапкер документ тапшырган. Ошол эле учурда жыл сайын медреселерди миңдеген бүтүрүүчүлөр аяктайт.

Муфтият ишенимдүү жамаатты жаш имамдар үчүн шарт түзүүгө чакырат. Коомчулук менен кеңешүүдөн кийин ыйык жерлерге зыярат кылгандардан комиссия алуу чечими кабыл алынган.

"Умра диний ибадат болгондуктан, анын наркынын 9% өлчөмүндө комиссия алуу чечими кабыл алынды. Бул сунуш шариятка шайкеш келерин тактоо үчүн Аалымдар кеңешине жөнөтүлдү", — деп билдиришти КМДБдан.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media