Экономика
Онлайн соода менен алектенгендер ЭЭФтин жаңы формасын үйрөнүштү
Мамлекеттик салык кызматы электрондук соода аянтчаларынын өкүлдөрү жана электрондук сооданын катышуучулары (селлерлер) үчүн окутуучу семинар өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Иш-чарага Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков, электрондук соода аянтчаларынын, тигүү тармагынын жана профилдик ассоциациялардын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда катышуучуларга электрондук эсеп-фактуранын (ЭЭФ) жаңы формасы сунушталып, аны