Лейлектин 3 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот

Лейлектин 3 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот

Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жаңы суу менен камсыздоо системасын куруу иштери аяктоо алдында турат. Жакын арада айылдын 3 миңден ашуун тургуну таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүккө ээ болот, - билдирет Айыл чарба министрлигинен.

Инфраструктура кеңири жаңыртылып, жаңы таза суу сактоочу резервуарлар курулду, заманбап хлоратордук курулмалар орнотулду жана суу алуучу жайлар жаңыртылды. Жалпы узундугу 17 чакырымдан ашык магистралдык жана бөлүштүрүүчү суу түтүктөрү тартылды.

Жаңыланган система санитардык талаптарга жооп берип, ишенимдүү жана туруктуу суу менен камсыздоону камсыз кылат, суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана узак мөөнөткө пайдаланууга мүмкүндүк берет. Объектти пайдаланууга берүү 537 кожолукту борборлоштурулган суу менен камсыздоо системасына туташтырууга шарт түзүп, калктуу конуштун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот.

Курулуш иштери Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди

Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды

Кыргызстан менен Азербайжан экология тармагында кызматташууну талкуулады

Түптө 5 жылда 55 ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлдү

Ошто Ак-Бууранын жээгине дагы 2 чакырымга жакын веложол курулду