Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

24-февралда Бишкек шаарында дебитордук карызы бар 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт, - деп билдирет Бишкек электр тармактар ишканасы.

Ишкана абоненттерди ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн эсептерди өз убагында төлөөгө чакырат. Өздүк эсепти ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" рубрикасы аркылуу онлайн текшерүүгө болот.

Тиричилик абоненттери балансты "Менин жарыгым" мобилдик тиркемеси аркылуу Play Market жана AppStore дүкөндөрүнөн жүктөп биле алышат. Мындан тышкары, маалымат алуу үчүн күнү-түнү иштеген Колл-борборго 105 номери, 0772/0556 00 12 09 же 0702 00 12 09 WhatsApp номери аркылуу кайрылса болот.

Электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен реалдуу убакыт режиминде жүргүзүүгө болот:

  • Төлөм терминалдары: Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MegaCom, "О!", «Оңой»
  • Электрондук капчыктар: Мбанк, "О!", MegaPay, UMAI, Элсом
  • Банк кассалары: РСК Банк, Дос Кредо Банк, Бакай Банк, "Кыргызстан" коммерциялык банкы, Халык Банк, KICB Банк, Оптима Банк
  • "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү

Абоненттер өз төлөмдөрүн өз убагында жүргүзүүсү сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ошто Мамыров көчөсүнүн 500 метр тилкеси жаңыланууда

Ош шаарында Мамыров көчөсүндө оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалым болгондой, Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашуун жол толугу менен жаңыртылып жатат. Учурда жолдун биринчи катмар асфальты төшөлүп, эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошондой эле жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланды. Жол

Ишкер Media
Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media