Экономика
Жыл башынан бери 178.6 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды
Салык кызматы 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 178 млрд 654.2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу мекеме билдирди. Такталгандай, белгиленген план 2.1 млрд сомго ашыгы менен аткарылган. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30.5 млрд сомго көп чогултулду. Чогулган каражаттардын түзүмүндө 132 млрд 54.2 млн сом салык