Бишкекте сквер куруугу конкурс жарыяланды – сметалык баасы 101 млн сом
![Бишкекте сквер куруугу конкурс жарыяланды – сметалык баасы 101 млн сом](/content/images/size/w1200/2023/10/1696328622.jpeg)
Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.
Такталгандай, жаңы сквер Биринчи май районуна караштуу Ак-Босого конушунун Чүй көчөсү 52 дарегинде жайгашат. Жер участогунун жалпы аянты – 2.161га.
Долбоордо тротуар, велосипед тилкеси,балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы, баскетбол аянтчасы, мини-футбол талаасы, скейтпарк жана велосипедчилер үчүн пандус, көрүүчүлөр трибунасы, унаа токтотуучу жайлар каралган. Сметалык наркы 101 миллион 393 миң 714.7 сом.
2023-жылга 6 млн сом каралган.
![](https://im.kg/content/images/2023/10/1696328611.jpeg)
![](https://im.kg/content/images/2023/10/1696328616.jpeg)
![](https://im.kg/content/images/2023/10/1696328622-1.jpeg)