акыркы жаңылыктар

Жүктөрдү навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөө 11-февралдан башталат

Экономика

Жүктөрдү навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөө 11-февралдан башталат

Бугүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматовдун төрагалыгында Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө системасынын улуттук оператору — "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААКнын, ошондой эле бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда 11-февралдан тартып жүктөрдүн ташылышын навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөө практикалык түрдө ишке

Транспорт министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды

Транспорт

Транспорт министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жылдык коллегиясы өттү. Жыйынга Министр Абсаттар Сыргабаев, орун басарлары, бөлүм башчылар жана министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Күн тартибинде жалпы 4 маселе каралып, 2025-жылдын жыйынтыктары жана 2026-жылга коюлган милдеттер тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле, министрликтин

Кара-Сууда 15,6 млн сомдук жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды

Коом

Кара-Сууда 15,6 млн сомдук жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда Савай айыл өкмөтүндө жайгашкан мурдагы балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна тиешелүү 0,24 га жер тилкеси 2014-жылы мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Райондук прокуратуранын көргөн чараларынын натыйжасында, базар баасы 15,6 млн сомду түзгөн

ЕАЭБ базарларындагы маркетплейстерде сатылган товарларга КНСти ким төлөйт?

Экономика

ЕАЭБ базарларындагы маркетплейстерде сатылган товарларга КНСти ким төлөйт?

ЕАЭБде электрондук соодага байланыштуу жөнгө салуу нормаларынын өзгөрүүсү күтүлүп жатканын  Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ интеграциясын өнүктүрүү секторунун башчысы Каниет Насирдинов брифингде билдирди. Анын айтымында, пландалып жаткан жаңылыктар электрондук соода товарларын салыктан өткөрүү менен байланыштуу. Алардын бири — кошумча бааны кошуу салыгын (КБКС) аймактык принципке ылайык төлөө маселеси. "Мисалы, Алматыдан

Соцфонд МТПФ каражаттарынын эсебинен баалуу кагаздарга инвестиция салды

Экономика

Соцфонд МТПФ каражаттарынын эсебинен баалуу кагаздарга инвестиция салды

Социалдык фонд 2026-жылдын январь айында Мамлекеттик топтолмолуу пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынын эсебинен мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 1 млрд 140,8 млн сом көлөмүндө инвестиция салды. Инвестициянын жылдык киреше чеги 15,2–16% деңгээлинде болду. Мындан тышкары, МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардагы депозиттик салымдарга жайгаштырылып, 300 млн сом көлөмүндө 12

МинКаб Салык кызматынын 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарды

Экономика

МинКаб Салык кызматынын 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарды

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегияга катышканын басма сөз кызматынан билдиришти. Ал 2025-жылы Салык кызматы 391,8 млрд сом чогултуп, пландын 8,2 млрд сомдон ашык аткарылганын белгилеп, санариптештирүү, салыктык администрациялоону жөнөкөйлөтүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытында алгылыктуу чаралар ишке киргенин билдирди. Бюджеттин

Зомбулуктан жабыркаган балдар борбору жаңыланып жатат

Кыймылсыз мүлк

Зомбулуктан жабыркаган балдар борбору жаңыланып жатат

Бишкек шаарында Зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борборунун имаратында капиталды ремонттун айрым бөлүктөрү бүткөрүлгөнүн  шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Вице-мэр Виктория Мозгачёва социалдык өнүгүү департаментинин директору Айзада Жунусова менен бирге борборго барып, жумуштардын жыйынтыктары менен таанышышты. Бул борбор 11 жылдан ашуун убакыттан бери кыйын абалда калган

Коммерциялык банктар кардарлардын акчаларынын максатка ылайыктуулугун көзөмөлдөөгө милдеттүү – Салык кызматы

Экономика

Коммерциялык банктар кардарлардын акчаларынын максатка ылайыктуулугун көзөмөлдөөгө милдеттүү – Салык кызматы

Коммерциялык банктар "кардарыңды тааны" (KYC) принцибине ылайык кардарлардын эсептерин пайдаланууну, анын ичинде акча каражаттарынын түшүшүнүн жана которууларынын максатка ылайыктуулугун көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин Мамлекеттик салык кызматынын банктар менен өз ара иштешүү бөлүмүнүн башкы инспектору Айана Айтиева билдирди. Анын айтымында, эрежелердин бузулушу боюнча сандык көрсөткүчтөр коммерциялык банктардын жана Улуттук банктын

"Мамлекеттик каржылык холдинг" ААКы жеке компанияга 25 млн доллар өлчөмүндө кепилдик кылды

Экономика

"Мамлекеттик каржылык холдинг" ААКы жеке компанияга 25 млн доллар өлчөмүндө кепилдик кылды

"Мамлекеттик каржылык холдинг" ачык акционердик коому эмитенттин активдеринин 10%ынан жана андан жогору көлөмдү түзгөн бир жолку бүтүм жасалганын билдирди. Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, аталган бүтүм боюнча контрагент болуп "Альянс Гидро" жоопкерчилиги чектелген коому саналат. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы №941-р тескемесине жана 2026-жылдын 3-февралында түзүлгөн

Баткенде 22 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Энергетика

Баткенде 22 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Баткен электр тармактар ишканасы 2026-жылы 220/110/35 кВ жогорку чыңалуудагы 22 көмөк чордонду капиталдык оңдоодон өткөрөт. Бул иштер Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу тапшырмаларынын алкагында жүргүзүлөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Атап айтканда: * 220/110/10 кВ “Алай” көмөк чордонунда ОРУ жабдууларынын жерге туташтыруу

Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү 2026-2027-жылдары 25 млрд сомдон ашат

Экономика

Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү 2026-2027-жылдары 25 млрд сомдон ашат

Орто мөөнөттүү мезгилде — 2026–2027-жылдары Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү жыл сайын 25 млрд сомдон жогору деңгээлде сакталат. Бул 2025–2027-жылдарга карата шаардык бюджеттин параметрлеринен көрүнүп турат. Пландалган көрсөткүчтөргө ылайык, 2026-жылы борбор калаанын бюджетинин кирешеси 25,32 млрд сомду, ал эми 2027-жылы 27,46 млрд сомду түзөт. Бул бир жыл

Өзгөндө үч милиция кызматкери кылмышка шектелип кармалды

Коом

Өзгөндө үч милиция кызматкери кылмышка шектелип кармалды

Ош облусунун Өзгөн РИИБинин үч кызматкери кылмышка шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, милиция кызматкери З.У.А. жашы жете электер боюнча инспекторлор Н.А.Н. жана А.У.А. менен биргеликте 2008-жылы туулган Т.А.У. аттуу жашы жете элек кызды айрым жарандар менен жыныстык катнашка барууга азгырып, андан