Коом
Кара-Кулжада 70 млн сомго курулган бала бакча пайдаланууга берилди
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биймырза айылында наркы 70 миллион сом болгон жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, иштери Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө аткарылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура турак жай–коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Башкы планга ылайык, жаңы бала бакча 120 балага ылайыкталган, эки кабаттуу заманбап