Тар дарыясында 200 мегаваттык чакан ГЭСтер каскады курулат

Тар дарыясында 200 мегаваттык чакан ГЭСтер каскады курулат

Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясында чакан ГЭСтердин каскадын куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюлганын Энергетика министрлиги билдирди. Мындай келишим МинКаб менен "Кыргызстан Риклейм Ко. ЛТД" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн.

Документке энергетика министринин орун басары  Алтынбек Рысбеков жана "Кыргызстан Риклейм Ко. ЛТД" ЖЧКнын башкы директорунун орун басары  Цю Чэньци кол койду. 

Жетишилген макулдашуулардын алкагында болжол менен 200 МВт кубаттуулугу бар чакан ГЭСтердин каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Инвестициянын болжолдуу көлөмү 300 млн долларды түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ашууларда жолдор ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз

Жогорку Кеңеште тамак-аш коопсуздугу боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Бишкекте батир убада кылып 2,9 млн сом алган жетекчи кармалды

Борбор Азияга климаттык долбоорлор үчүн 200 млн евро бөлүнөт

Сентябрда Кыргызстанга 274,1 млн доллар акча которулган