Экономика
"Бишкекшаарлифт" ишканасы 2026-жылы 100 лифтти модернизациялайт
Муниципалдык "Бишкекшаарлифт" ишканасы 2026-жылы 100 лифтти модернизациялоону (алмаштырууну) пландап жатканын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Лифттерди сатып алуу боюнча конкурстук жол-жоболорду даярдоо жана өткөрүү алкагында ишкана лифт жабдууларын жеткирүүчүлөрдү конкурска катышууга чакырат. Маалыматка ылайык, катышуучулар тиешелүү иш тажрыйбасына ээ болушу жана Бажы бирлигинин ТР ТС 011/