акыркы жаңылыктар

Айрым ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Транспорт

Айрым ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызгидромет кызматы 10–15-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти. Маалыматка ылайык, кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү төмөнкү унаа жолдорунда күтүлөт: * Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында; * Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55–115-чакырымдарында; * Ала-Бука – Каныш-Кыя

"Түндүктөгү" пенсиялык топтом эмнеге азайып кетиши мүмкүн?-Соцфонд

Экономика

"Түндүктөгү" пенсиялык топтом эмнеге азайып кетиши мүмкүн?-Соцфонд

Социалдык фонд "Түндүк" тиркемесинде пенсиялык топтомдордун көрсөтүлүшү боюнча расмий түшүндүрмө берди. Буга чейин бир жаран пенсиясынын топтом бөлүгүндөгү каражат азайып кеткенин билдирген. Анын айтымында, ал тиркеме аркылуу түшүүлөрдү дайыма көзөмөлдөп турат жана март айында топтолгон сумма февралга караганда аз болуп калганын байкаган. Социалдык фонд билдиргендей, салык мыйзамдарына ылайык

Баткенде жеке ишкерлердин 30%дан ашыгын аялдар түзөт

Бизнес

Баткенде жеке ишкерлердин 30%дан ашыгын аялдар түзөт

Баткен облусунда жеке ишкерлердин 30%дан ашыгын аялдар түзөт. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сирокко Мессерли менен жолугушууда билдирди. Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, жолугушууда аймактагы миграция маселелери, аялдар менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жергиликтүү ишкердикти колдоо, саламаттык сактоо,

Араванда картошка айдоонун заманбап техникасы колдонулууда

Коом

Араванда картошка айдоонун заманбап техникасы колдонулууда

Ош облусунун Араван районундагы "Бирлик" үрөн чарбасы картошка эгүүдө заманбап техниканы колдонуп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы техника талаада бир эле учурда беш түрдүү ишти аткара алат. Бул дыйкандардын эмгегин жеңилдетип, талаа иштерин ыкчам жана натыйжалуу

"Кызмат" мекемеси паспорт, нике күбөлүгүн берүү сыяктуу кызматтардын баасын өзгөрттү

"Кызмат" мекемеси паспорт, нике күбөлүгүн берүү сыяктуу кызматтардын баасын өзгөрттү

"Кызмат" мамлекеттик мекемеси паспорт, нике күбөлүгү жана жашоого уруксат сыяктуу кызматтардын баасын өзгөрттү. 2026-жылдын 1-январынан тартып мекеме өзүн-өзү каржылоо негизинде иштей баштады. Буга чейин ал Кыргызстандын республикалык бюджетинин каражатынын эсебинен иш алып барчу. Ушуга байланыштуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтери өзгөртүлдү. Маалыматка ылайык, "Кызмат" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик

Бишкекте өрт сигнализацияларын жаңылаш үчүн 3,5 млн сомго тендер жарыяланды

Кыймылсыз мүлк

Бишкекте өрт сигнализацияларын жаңылаш үчүн 3,5 млн сомго тендер жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунун билим берүү башкармалыгы мектептер жана бала бакчалар үчүн өрт сигнализациясын оңдоо боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул иштерге жалпысынан дээрлик 3,5 млн сом бөлүү пландалууда. Анын ичинде 1,5 млн сом райондун орто билим берүүчү мектептерине, ал эми болжол менен

Арча-Бешиктеги мектепке 1200 орундуу жаңы корпус курулуп жатат

Коом

Арча-Бешиктеги мектепке 1200 орундуу жаңы корпус курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги №79 мектепке кошумча салынып жаткан жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Объект Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсү, 75 дарегинде жайгашкан. Бул жерде №79 мектепке кошумча 1200 орундуу окуу корпусу курулуп жатат. Долбоорго ылайык, окуучулар жана мугалимдер үчүн

Парламентте журналисттердин маянасын жогорулатуу маселеси дагы көтөрүлдү

Коом

Парламентте журналисттердин маянасын жогорулатуу маселеси дагы көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — министрлер кабинети. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев белгилегендей,

"Бишкекжылуулукэлектр борбору" 42,6 млн сомго комплектөөчү тетиктерди сатып алат

Кыймылсыз мүлк

"Бишкекжылуулукэлектр борбору" 42,6 млн сомго комплектөөчү тетиктерди сатып алат

"Бишкек ЖЭБи" муниципалдык ишканасы буу казандар үчүн комплектөөчү бөлүктөрдү сатып алуу боюнча 42,6 млн сомго тендер жарыялады. Ишканага буу казан жабдууларынын негизги деталдары керек. Алардан станциянын туруктуу иштеши жана борбор калаада жылуулук берүүнүн үзгүлтүксүз болушу түздөн-түз көз каранды. Сатып алуу эки лотко бөлүнгөн. Биринчи лот — буу казандар

Социалдык фонд январь-февралда 9194 пенсиялык ишти карады

Коом

Социалдык фонд январь-февралда 9194 пенсиялык ишти карады

Социалдык фонд 2026-жылдын январь–февраль айларында жалпысынан 9194 пенсиялык ишти карады. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, февраль айында 4330 жаранга пенсия жаңыдан дайындалды, ал эми 1518 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуу мезгили жана майыптык боюнча кошумча документтердин негизинде жүргүзүлгөн. Пенсия маселелери боюнча

ЭВФ башчысы инфляция коркунучу тууралуу эскертти

Экономика

ЭВФ башчысы инфляция коркунучу тууралуу эскертти

ЭВФ башчысы Кристалина Георгиева Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам инфляциялык басым күчөшү мүмкүндүгүн айтып, бул дүйнөлүк экономикалык өсүштү да жайлатышы ыктымаал, деп эскертти. Мындай билдирүүнү РИА Новости жазып чыкты. “Эреже катары биз мунайдын баасы 10% га жогоруласа жана бул өсүш жылдын көп бөлүгүндө сакталса, дүйнөлүк инфляция болжол менен 40 базистик пунктка

Бишкекте таштанды полигондорун жабуу пландалууда

Коом

Бишкекте таштанды полигондорун жабуу пландалууда

Быйыл Бишкек шаарынын аймагындагы бардык таштанды полигондорун жабуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев билдирди. Анын маалыматына ылайык, борбор калаада бир гана борбордук полигон калтырылат. Ал жерде курулуш калдыктарын топтоо үчүн