"Түндүктөгү" пенсиялык топтом эмнеге азайып кетиши мүмкүн?-Соцфонд

"Түндүктөгү" пенсиялык топтом эмнеге азайып кетиши мүмкүн?-Соцфонд

Социалдык фонд "Түндүк" тиркемесинде пенсиялык топтомдордун көрсөтүлүшү боюнча расмий түшүндүрмө берди.

Буга чейин бир жаран пенсиясынын топтом бөлүгүндөгү каражат азайып кеткенин билдирген. Анын айтымында, ал тиркеме аркылуу түшүүлөрдү дайыма көзөмөлдөп турат жана март айында топтолгон сумма февралга караганда аз болуп калганын байкаган.

Социалдык фонд билдиргендей, салык мыйзамдарына ылайык 2019-жылдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу жана отчетторду кабыл алуу функциялары толугу менен Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлгөн.

Мекеменин маалыматына караганда, жарандардын жеке камсыздандыруу эсептериндеги маалыматтар бир нече этап менен түзүлөт.

Иш берүүчүлөр уюмдардын бухгалтериясы аркылуу киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду салык органдарына тапшырат. Андан кийин Мамлекеттик салык кызматы бул маалыматтарды Социалдык фондго өткөрүп берет. Андан соң алынган реестрлердин негизинде камсыздандырылган адамдардын жеке эсептерине суммалар автоматтык түрдө чегерилет.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, колдонуучу сумманын азайып кеткенин же туура эмес көрсөтүлгөнүн көргөн учурлар көбүнчө уюмдар тапшырган тактоочу отчетторго байланыштуу болот.

"Эгерде ишкананын бухгалтериясы башында отчетту бир сумма менен тапшырып, кийин эсептөөлөрдөгү каталарды оңдоо себептүү азыраак көрсөткүчтөр менен тактоочу отчет берсе, система Мамлекеттик салык кызматы берген акыркы расмий документке ылайык жеке эсептеги маалыматтарды автоматтык түрдө жаңыртат", — деп түшүндүрүштү мекемеден.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media