Айрым ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Айрым ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызгидромет кызматы 10–15-март күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү төмөнкү унаа жолдорунда күтүлөт:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55–115-чакырымдарында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 65–75-чакырымдарында жана Чапчыма ашуусунда;
  • Красная Горка – Акташ унаа жолунун 0–3-чакырымдарында;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201–205 жана 260–290-чакырымдарында, ошондой эле Көк-Арт ашуусунда;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда.
Адистердин маалыматына караганда, аталган жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак болуп муз тоңушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу айдоочуларга жолдо этият болуп, унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмессактоо сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media