Арча-Бешиктеги мектепке 1200 орундуу жаңы корпус курулуп жатат

Арча-Бешиктеги мектепке 1200 орундуу жаңы корпус курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги №79 мектепке кошумча салынып жаткан жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Объект Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсү, 75 дарегинде жайгашкан. Бул жерде №79 мектепке кошумча 1200 орундуу окуу корпусу курулуп жатат.

Долбоорго ылайык, окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралган.

Учурда курулуш аянтында жер казуу иштери толук аяктап, пайдубалга чейинки бетондун төмөнкү катмарын куюу иштери жүргүзүлүүдө.

Министр курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, жумуштун темпин ылдамдатуу үчүн куруучулардын санын көбөйтүүнү тапшырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти