Саясат
Матраимов менен Көлбаевди кабыл алгам – Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди кабыл алган тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Райым Матраимов эки жолу кабыл алынган. «Биринчисинде мыйзамдагы ууру Көлбаев экөөнү кабыл алгам. Ал жолугушууда Камчыбек Кыдыршаевич да болгон. Ошондо Көлбаевке катуу эскерткем: «Эски заманыңарды унуткула. Элди, бизнесмендерди тонобогула. Криминалдар бири-