2024-жылы билим берүүгө 65.7 млрд сом каралган – Финансы министрлиги

2024-жылы билим берүүгө 65.7 млрд сом каралган – Финансы министрлиги

Өлкөдө студенттердин саны көбөйгөндүктөн, билим берүү чыгымдары жыл сайын көбөйүп жатат. Ошондуктан 2024-жылы билим берүүгө 65.7 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, педагогикалык жана билим берүү системасынын айрым категорияларынын кызматкерлеринин эмгек акысы кыйла жогорулады.

Чыгымдардын артыкчылыктуу багыттары болуп: билим берүү системасын санариптештирүү, окуу китептери менен камсыздоо, ошондой эле билим берүүнүн сапаты саналат.

Мектепке чейинки билим берүүгө, орто билимге, жогорку билимге, кошумча билим берүүгө, квалификацияны жогорулатууга, балдар менен мектептен тышкаркы иштер боюнча мекемелерге/иш-чараларга, балдар үйлөрүнө, музыкалык мектептерге, балдардын атайын окуу мекемелерине, балдардын ден соолугун чыңдоочу уюмдарга, билим берүү жаатындагы илимий изилдөөлөргө чыгымдар жыл сайын өсүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү кибералдамчылыкка шектүү адам кармалды

Бишкекте чоң көлөмдөгү кибер алакаларды жасоого шектүү адам кармалды деп 11-декабрда Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы маалымдады. Мурдараак ШИИББнын тергөө кызматына жаран У.А. кайрылып, өздөрүн УКМК, Улуттук Банк, Антикоррупциялык кызматтын кызматкерлери жана ИИМдин тергөөчүсү катары тааныштырган белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Шектүүлөр У.А. террордук уюмдарды каржылап жатат деген

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда  жеткиликтүү

Элкарт төлөм картасы Өзбекстанда, ал эми Өзбекстандын HUMO картасы Кыргызстанда жеткиликтүү

Эми HUMO картасынын ээлери Кыргызстанда сатып алгандары үчүн төлөп, накталай акча чыгара алышат, ал эми “Элкарт” карталарынын ээлери Өзбекстанда дал ушундай эле кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алышат. Бул тууралуу “Элакарт” улуттук төлом системасынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, долбоор накталай эмес эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүп, саякаттарды ыңгайлуу кылып, транс чек аралык финансылык кызматташтыкты бекемдейт. Кардарлар

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоинди транс чекаралык эсептешүүлөргө колдонот

Кыргызстан алтын менен камсыздалган USDKG стейблкоинди транс чекаралык эсептешүүлөргө колдонот

Каржы министрлиги физикалык алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин USDKG киргизүү планы тууралуу маалымат берди. Ведомство жаңы санариптик активди экономиканы өнүктүрүү үчүн стратегиялык курал катары карап жатат. USDKGди киргизүү трансчегаралык эсептешүүлөрдү жеңилдетип, республикага инвестициялык тартып келүүнү күчөтүп, анын финансылык суверенитетин бекемдөөгө багытталган. Алтын менен камсыздоо жаңы санариптик валютанын туруктуулугун камсыздайт деп

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция  48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагындагы өз ара инвестиция 48,4 млрд долларга жетти

Евразия аймагында инвестициялык активдүүлүк дүйнө жүзүндөгү түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) жалпы төмөндөшүнө карабастан өcүп жатканы ЕАӨБдүн "Өз ара инвестицияларды мониторинг кылуу" аттуу отчетунда айтылат. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы топтолгон ТЧИ көлөмү рекорддук 48,4 млрд долларга жетти. Өсүштүн негизги кыймылдаткычы — жеке бизнес. Негизги