Эки айдын ичинде бюджеттин эсебинен Нарын облусу 107.8 млн сомго каржыланды
![Эки айдын ичинде бюджеттин эсебинен Нарын облусу 107.8 млн сомго каржыланды](/content/images/size/w1200/2024/03/a42382d1cd5e7d33b74833d6be46d8c8-1.jpg)
Нарын облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 82.7 млн сом өлчөмүндө каржыланган.
Алар:
1. Теңдөөчү трансферт – 61.8 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 3.3 млн сом;
3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17.6 млн сом;
Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 25.1 млн сом бөлүнүп берилди.